> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын тышкы соодасы импорттун эсебинен 45%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/07/12/kyrgyzstandyn-tyshky-soodasy-importtun-esebinen-45-ga-st/
- Published: 2022-07-12T16:58:40.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын башка өлкөлөр менен болгон соодасынын көлөмү беш айда 1.5 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 45%га өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

> Мында **экспорттук жеткирүүлөр 4%га кыскарса, импорт тескерисинче, 1.6 эсеге өскөн**.

Ушул эле мезгилде КРнын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасынын көлөмү 1.5 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 21%га өскөн. Мында экспорттук жеткирүүлөр 50%га, импорт 13%га өскөн.

КР менен ЕАЭБдин ортосундагы өз ара сооданын эң чоң үлүшү **Россияга (69%)** жана Казакстанга (29%) туура келген.