> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мигранттар беш айда КРга 1.3 млрд доллар жөнөтүштү
- URL: https://im.kg/all/2022/07/12/migranttar-besh-ajda-krga-1-3-mlrd-dollar-zh-n-t-sht/
- Published: 2022-07-12T11:11:19.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын биринчи беш айында мигранттар Кыргызстанга 1 млрд 30.3 млн доллар которушканы тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.**

Ал эми **апрель-май** айларында өлкөгө 500 млн долларга жакын каражат которулган. Эгерде **акыркы жылдардагы биринчи беш айдын көрсөткүчтөрүнө** таянсак, бул жылы эң көп каражат келген.

- **2022 — 1.3 млрд**
- 2021 — 986.3 млн
- 2019 — 934.8 млн
- 2018 — 972.3 млн

Ошондой эле Кыргызстанга которулган 1 млрд 30.3 млн доллардын **984 млн доллары Россиядан** келген. Белгилей кетсек, 2021-жылы Кыргызстанга жөнөтүлгөн акчанын 83%ы Россиядан келип, анын агымы дээрлик **234 млн долларды** түзгөн, бул 2020-жылга салыштырмалуу 25 млн долларга көп болгон.

Улуттук банктын берген маалыматына ылайык, өткөн жылы кыргызстандык мигранттар өлкөгө **2 млрд 756 млн доллар** которушкан. 

**Кошумча окуңуз:** [Кыргызстан эмнеге жумушчу күчүн экспорттоого кызыкдар? – экономика мигранттардын акчасынан көз каранды](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/05/18/kyrgyzstan-emnege-zhumushchu-k-ch-n-eksporttoogo-kyzykdar-ekonomika-migranttardyn-akchasynan-k-z-karandy/)