> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Унаа газынын баасы жыл башынан бери 25%га арзандады
- URL: https://im.kg/all/2022/07/12/unaa-gazynyn-baasy-zhyl-bashynan-beri-25-ga-arzandady/
- Published: 2022-07-12T10:36:35.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда жыл башынан бери суюлтулган көмүртек газынын баасы орто эсеп менен 24.6%га же 9.4 сомго арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы мамагенттигинин маалыматында айтылат.**

> «Акыркы жылдары кыргызстандыктар автоунааларды бензин жана дизель майынан унаа газына активдүү түрдө өткөрүп жатышат. Ага жараша суроо-талап да жогору болууда. Анткени ал алда канча үнөмдүү жана экологиялык жактан таза. Бензинге салыштырмалуу суюлтулган газдын баасы болжол менен 30-40%га арзан”, – дейт Монополияга каршы агенттик.

Учурда **Кыргызстандын газга болгон муктаждыгы айына 9 миң тоннадан ашат.** 2017-жылы суроо-талап айына 3000 тоннаны гана түзгөн.

КРнын ички рыногу Россия жана Казакстандан келген импорттун эсебинен гана камсыздалат. Өзбекстандан, АКШдан, Франциядан анча чоң эмес көлөмдө алынып келинет.

> Мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, учурда Бишкекте суюлтулган газдын литринин баасы **28.4-29.3** сомду түзөт.

| Аталышы                      | **1.01.22** | **7.07.22** | **7 июль–1 янв** **%** | **7 июль–1 январь** **(сом)** |
| ---------------------------- | ----------- | ----------- | ---------------------- | ----------------------------- |
| «Газпром нефть Азия» ЖЧК     | 39.5        | 29.3        | \-25.8                 | \-10.2                        |
| «Шнос» ЖЧК (Бишкекпетролеум) | 37.9        | 28.4        | \-25.1                 | \-9.5                         |
| «Партнер нефть» ЖЧК          | 36.9        | 28.4        | \-23                   | \-8.5                         |