> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альянс Алтын» компаниясы AmCham уюмуна мүчө болду
- URL: https://im.kg/all/2022/07/13/alyans-altyn-kompaniyasy-amcham-ujumuna-m-ch-boldu/
- Published: 2022-07-13T10:36:00.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:33:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“Альянс Алтын” ЖЧКсы КРдагы Америкалык Соода Палатасына (AmCham) мүчө болду. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди.**

Кол коюу аземине «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов жана AmCham уюмунун аткаруучу директору Дастан Иманалиев катышты.

> «Биз Американын Соода палатасы менен кызматташууга кубанычтабыз. Алдыда чоң милдеттер турат, аларды чогуу ийгиликтүү чечебиз деген үмүттөмүн», – деди Рахматов.

Белгилей кетсек, КРдагы Америкалык Соода палатасы экономиканын ар кандай секторлорундагы көптөгөн ишканалардын башын бириктирип, жергиликтүү жана эл аралык инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп келет.