> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Биринчи жарым жылда бюджеттин чыгымы 115.8 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/all/2022/07/13/birinchi-zharym-zhylda-bjudzhettin-chygymy-115-8-mlrd-somdu-t-zd/
- Published: 2022-07-13T10:17:37.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бюджетинин кассалык чыгашасы 115.8 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу кечээ, 12-июнда Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Берилген маалыматка ылайык, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысына кеткен чыгым **29 млрд сомду** түзгөн. Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө **7.3 млрд сом**, социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдарга **9.3 млн сом** жумшалган.

> Финансы министрлиги калган каражаттар республикалык бюджеттин башка артыкчылыктуу чыгымдарын каржылоого жумшалганын кошумчалады.