> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кумтөр» кенинин карьеринин кыймылга келген аймагында кен казуу иштери кайрадан жандандырылды
- URL: https://im.kg/all/2022/07/13/kumt-r-keninin-20-zhumushchu-ajmagynda-ken-kazuu-ishteri-zhandandyryldy/
- Published: 2022-07-13T16:38:12.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:23:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“Кумтөр” кенинин №20 жумушчу аймагында кен казуу иштери жандандырылды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.**

Эске салсак, 2022-жылдын май айында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (КГК) геотехникалык кызматы №20 жумушчу аймагында карьердин капталындагы жылыштарды байкаган. Адамдардын жана техниканын коопсуздугу үчүн бул аймактагы [тоо-кен иштери убактылуу токтотулган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/05/27/kumt-r-keninin-karerinin-kaptaldary-kyjmylga-kelgen-zherlerden-kyzmatkerler-zhana-tehnikalar-chygaryldy/), ошол эле убакта “Кумтөр” кениндеги бардык кызматтардын иштери адаттагы тартипте уланган.

Жылыштардын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча “КГКга” №20 жумушчу аймакта иштин коопсуз уланышын камсыз кылуу максатында коргонуу иш-чараларын жүргүзүү жана деформация аймагынын туруктуулугун комплекстүү түрдө баалоо үчүн жергиликтүү жана чет элдик илимий изилдөө уюмдарын тартуу боюнча сунуштар берилген.

> “Консалтингдик уюмдар берген сунуштардын негизинде “КГК” №20 жумушчу аймагындагы ишти жандандыруу жана иштетүү боюнча атайын коопсуздук чараларын иштеп чыкты. Деформацияда жайгашкан мониторинг жерлериндеги кыймылдын ылдамдыгы турукташкан соң, бардык коопсуздук чаралары көрүлгөндөн кийин тилкедеги убактылуу токтотулган иштер жанданды”, – деп айтылат маалыматта.