> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жарым жылда керектөө баалары 9%га кымбаттады - айрыкча Нарында (12.4%)
- URL: https://im.kg/all/2022/07/13/kyrgyzstanda-zharym-zhylda-kerekt-baalary-9-ga-kymbattady-ajrykcha-narynda/
- Published: 2022-07-13T12:26:26.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРда жарым жылда керектөө баалары 9%га көтөрүлдү. Эң көп тамак-аш, алкоголсуз суусундуктардын баасы кымбаттады жана эң көп баалар Нарын облусунда көтөрүлдү. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат.**

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча **9.1%ды** түздү. 

> Ошондой эле азык-түлүк эмес товарлардын баалары 5.1%га, **тамак-аш азыктарынын** жана **алкоголсуз суусундуктардын баасы 12.5%га**, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 11.8%га өсүп, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 3.8%га кымбаттады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык региондорунда белгиленген.

Муну менен бирге баалардын **максималдуу өсүшү Нарын облусунда** **(12.4%)** байкалган. Буга себеп, башка аймактарга салыштырмалуу алкоголдук суусундуктар жана тамеки заттарга болгон баалардын өсүшү **(24.2%)** болгон.