> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Оптима Банктын» акционерлеринин кезексиз жыйыны болот - директорлор кеңешинде өзгөрүүлөр болушу мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2022/07/13/optima-banktyn-akcionerlerinin-kezeksiz-zhyjyny-bolot-direktorlor-ke-eshinde-zg-r-l-r-bolushu-k-t-l-d/
- Published: 2022-07-13T17:21:34.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:55:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**1-августта «Оптима Банк» ААКтын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу өтөт жана директорлор кеңешиндеги бир канча маселелер каралат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.**

«Оптима Банк» ААКтын акционерлеринин жыйынында төмөнкү маселелер күн тартибине бекитилген:

1\. «Оптима Банк» ААКтын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун эсептөө комиссиясынын курамы бекитилет

2\. «Оптима Банк» ААКтын **директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу** каралат

3\. «Оптима Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөлөрүн **шайлоо, ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү**, алардын санын аныктоо, ошондой эле «Оптима Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө өз милдеттерин аткаргандыгы үчүн сый акы төлөө жана чыгымдарынын ордун толтуруу шарттары каралат.