> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономиканы «кыймылдаткан» өндүрүш тармагы болду
- URL: https://im.kg/all/2022/07/14/2022-zhyldyn-birinchi-zharym-zhyldygynda-ekonomikany-kyjmyldatkan-nd-r-sh-tarmagy-boldu/
- Published: 2022-07-14T13:23:11.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:06:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 14-июлда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өттү**.

Жыйында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров сүйлөп, ал 2022-жылдын биринчи алты айынын жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Анын берген маалыматына таянсак, алдын ала эсептөөлөр боюнча 2022-жылдын январь-июнь айларында **ИДПнын көлөмү 335.3 млрд сомду** түзүп, реалдуу өсүү темпи 106.3 %ды (2021-жылдын январь-июнь айларында – 98.5 % болгон) түзгөн. 

#### **Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр:**

- **Айыл чарба** – айыл чарбасынын дүң продукциясы 92.7 млрд сомго өндүрүлүп, реалдуу түрдө **2%га** өскөн
- **Өнөр жай** – 190.8 млрд сомдук продукция өндүрүлүп,өндүрүштүн көлөмү **14.1%га** өскөн
- **Курулуш** – инвестициялардын көлөмү 41.3 млрд сомду түзүп, **0.9 %га** өскөн
- **Кызмат көрсөтүү чөйрөсү** – дүң сооданын – **20.1 %га** жана чекене сооданын – **3.6 %га** өсүшү менен камсыз кылган.