> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы Кыргызстандын тышкы карызы 160-180 млн долларга «гана» көбөйүшү мүмкүн - Акылбек Жапаров
- URL: https://im.kg/all/2022/07/14/2022-zhyly-kyrgyzstandyn-tyshky-karyzy-160-180-mln-dollarga-gana-k-b-j-sh-m-mk-n-akylbek-zhaparov/
- Published: 2022-07-14T11:50:23.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:06:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы Кыргызстандын тышкы карызы 160-180 млн долларга көбөйүшү мүмкүн. Мындай маалыматты бүгүн, 14-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.**

Анын айтымында, министрлер кабинети тышкы карызды катуу көзөмөлгө алат. 

> “2020-жылы тышкы карыздын көлөмү 367 млн долларга көбөйсө, 2021-жылы 75.6 млн долларга гана көбөйгөн. **2022-жылы тышкы карыздын көлөмү кошумча 160-180 млн долларга гана көбөй**үшү мүмкүн. Ошол эле учурда тышкы карыздын оорчулугу ИДПга карата 45%га чейин төмөндөйт деп болжолдоп жатабыз”, – деди Жапаров.

Белгилей кетсек, ушул тапта президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө.

---

Финансы министри Алмаз Бакетаев [Economist.kg басылмасына берген маегинде](http://localhost/info-portal/novosti/dengi/2022/07/12/na-chto-kyrgyzstan-tratit-kredity-i-kogda-my-perestanem-brat-v-dolg-bolshoe-intervju-s-ministrom-finansov/), КРнын ушул жылдын 30-апрелине карата мамлекеттик карызы – **5 млрд 92 млн долларга** жеткенин, анын ичинде тышкы карыз – 4 млррд 191 млн доллар, ички карыз – 901 млн доллар экенин билдирген болчу.