> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Арзан тарифтер энергетика тармагында бюджеттин таңкыстыгына алып келди - 15 млрд сом жетпейт
- URL: https://im.kg/all/2022/07/14/arzan-tarifter-energetika-tarmagynda-bjudzhettin-ta-kystygyna-alyp-keldi-15-mlrd-som-zhetpejt/
- Published: 2022-07-14T15:58:47.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:48:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика тармагынын бюджетинин таңкыстыгы 15 млрд 271 млн сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Энергетика министри Доскул Бекмурзаев министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.**

Министрдин айтымында, энергетика компанияларынын бюджетинин таңкыстыгы арзан тарифтерге байланыштуу.

> «Учурдагы тарифтер боюнча 2022-жылы **24 млрд 993 млн сом** чогултууну пландап жатабыз. Ошол эле учурда энергетика тармагындагы **чыгымдар 40 млрд сомдон ашат**, тагыраак айтканда, **айырма – 15 млрд сомдон** көп. “Электр станциялары” ААКтыкы болсо 11 млрд сомдон ашык. Мындай тартыштык социалдык багыттагы тарифтердин эсебинен болду”, – деди министр.

#### **Энергетикалык компаниялардын 2022-жылдагы бюджетинин тартыштыгы:**

- “Электр станциялары” — **11 млрд 702.4 млн сом** же жалпы көлөмдүн 76.6%
- «КУЭТ» — 1 млрд 695.1 млн сом же 11.1%
- «Түндүкэлектр» — 936.2 млн сом же 6.1%
- «Ошэлектр» — 254.8 млн сом же 1.6%
- «Чыгышэлектр» — 218.2 млн сом же 1.4%
- «Жалалабатэлектр» — 146 млн сом же 0.9%
- «Бишкек ЖЭБ» — 196.9 млн сом же 1.2%
- «Чакан ГЭС» — 121.6 млн сом же 1.1%.

Энергетика министрлиги буга чейин да ишканалардын каражатынын мындай тартыштыгы **азыркы тарифтердин төмөн болушуна**, ошондой эле импорттун жана **Бишкек ЖЭБинде электр энергиясын өндүрүүнүн кымбаттыгына** байланыштуу болгонун [айтып келген.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/07/06/kyrgyzstandyn-energetika-kompaniyalarynyn-bjudzhetinin-ta-kystygy-15-3-mlrd-somgo-zhetti/)