Арзан тарифтер энергетика тармагында бюджеттин таңкыстыгына алып келди - 15 млрд сом жетпейт
Энергетика тармагынын бюджетинин таңкыстыгы 15 млрд 271 млн сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Энергетика министри Доскул Бекмурзаев министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.
Министрдин айтымында, энергетика компанияларынын бюджетинин таңкыстыгы арзан тарифтерге байланыштуу.
«Учурдагы тарифтер боюнча 2022-жылы 24 млрд 993 млн сом чогултууну пландап жатабыз. Ошол эле учурда энергетика тармагындагы чыгымдар 40 млрд сомдон ашат, тагыраак айтканда, айырма – 15 млрд сомдон көп. “Электр станциялары” ААКтыкы болсо 11 млрд сомдон ашык. Мындай тартыштык социалдык багыттагы тарифтердин эсебинен болду”, – деди министр.
Энергетикалык компаниялардын 2022-жылдагы бюджетинин тартыштыгы:
- “Электр станциялары” — 11 млрд 702.4 млн сом же жалпы көлөмдүн 76.6%
- «КУЭТ» — 1 млрд 695.1 млн сом же 11.1%
- «Түндүкэлектр» — 936.2 млн сом же 6.1%
- «Ошэлектр» — 254.8 млн сом же 1.6%
- «Чыгышэлектр» — 218.2 млн сом же 1.4%
- «Жалалабатэлектр» — 146 млн сом же 0.9%
- «Бишкек ЖЭБ» — 196.9 млн сом же 1.2%
- «Чакан ГЭС» — 121.6 млн сом же 1.1%.
Энергетика министрлиги буга чейин да ишканалардын каражатынын мындай тартыштыгы азыркы тарифтердин төмөн болушуна, ошондой эле импорттун жана Бишкек ЖЭБинде электр энергиясын өндүрүүнүн кымбаттыгына байланыштуу болгонун айтып келген.