> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк финансы институттарынын пессимисттик божомолдоруна карабай экономика 6.3%га өстү - Акылбек Жапаров
- URL: https://im.kg/all/2022/07/14/d-jn-l-k-finansy-instituttarynyn-pessimisttik-bozhomoldoruna-karabaj-ekonomika-6-3-ga-st-akylbek-zhaparov/
- Published: 2022-07-14T10:32:05.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:31:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 14-июлда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө.**

Анда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров сүйлөп, ал 2022-жылдын биринчи алты айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПсынын өсүү темпи 6.3%ды түзгөнүн айтты. Ошондой эле дүйнөлүк финансы институттары пессимисттик божомолдорду берип келгенине карабастан, жыйынтык жакшы болгонун белгиледи.

> “Дүйнөлүк банк КРнын ИДПсы минус 5%га чейин кыскарат десе, Moody’s деген агенттик экономика минус 1%га чейин түшөт деген, ал эми Эл аралык валюталык фонд болсо 0.9%га чейин араң өсөсүңөр деген. Еразия өнүктүрүү банкы да 1%дан ашпайсыңар деген божомолун айтты эле. Бирок андай болгон жок”, – деди ал. 

Ошондой эле Жапаров аткаруу бийлигинин жакшы иштегенин, экономиканын өсүшүнө Жогорку Кеңештин да эмгеги бар экенин, анткени алар минкаб берген мыйзамдарды кабыл алып берип турганын кошумчалады.