> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми донорлор берген каражаттар күнүмдүк керектөөгө жумшалбайт
- URL: https://im.kg/all/2022/07/14/emi-donorlor-bergen-karazhattar-k-n-md-k-kerekt-g-zhumshalbajt/
- Published: 2022-07-14T12:16:44.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Тышкы карыз боюнча саясатты өзгөртүп жатабыз, мурда тыштан келген каражаттар күнүмдүк керектөөгө жумшалчу болсо, эми мындан ары андай болбойт. Мындай билдирүүсүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 14-июлда өтүп жаткан минкабдын жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, мурда чет өлкөлүк донорлор берген каражат энергетика менен жол тармагына салынып жүргөн.

> “Мурда бюджетти колдоого келген каражаттар күнүмдүк керектөөгө жумшалчу болсо, эми болсо аны саламаттыкты сактоого, билим берүүгө, жаңы технологияларга гана алабыз”, – деди Жапаров. 

Ошондой эле ал мамлекеттик карызды тейлөөгө 2022-жылдын январь-июнь айларына республикалык бюджетте **16.5 млрд сом** өлчөмүндөгү каражаттар каралганын, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 540.3 м.н сомго көп экенин, анын ичинде – тышкы карызды тейлөөгө – 10.9 млрд сом, ал эми ички карызды тейлөөгө – 5.5 млрд сом каралганын кошумчалады.

---

Финансы министри Алмаз Бакетаев [Economist.kg басылмасына берген маегинде](http://localhost/info-portal/novosti/dengi/2022/07/12/na-chto-kyrgyzstan-tratit-kredity-i-kogda-my-perestanem-brat-v-dolg-bolshoe-intervju-s-ministrom-finansov/), КРнын ушул жылдын 30-апрелине карата мамлекеттик карызы — **5 млрд 92 млн долларга** жеткенин, анын ичинде тышкы карыз – 4 млррд 191 млн доллар, ички карыз – 901 млн доллар экенин билдирген болчу.