> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жүздөн ашык тоо-кен тармагындагы лицензия мамлекетке тапшырылды - анын 65 алтын кендерге берилген
- URL: https://im.kg/all/2022/07/14/zh-zd-n-ashyk-too-ken-tarmagyndagy-licenziya-mamleketke-tapshyryldy-anyn-65-altyn-kenderge-berilgen/
- Published: 2022-07-14T10:53:04.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:01:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүнкү күндө жүздөн ашык тоо-кен тармагындагы лицензия мамлекетке тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.**

Жапаров экономиканын бүт тармагында өсүү болгонун, ага тоо-кен тармагынан түшкөн кирешелер себеп болгонун, кирешенин 70%дан көбү “Кумтөрдөн” түшкөнүн, андан тышкары, “Жерүй”, “Чаарат”, “Эти-Бакыр Терексай” кендери да туруктуу киреше алып келип жатканын белгиледи. 

> “Мындан тышкары, лицензияларды тартипке келтире баштадык. Аны бекер кармап отургандар лицензиясын тапшыра башташты. Бүгүнкү күндө жүздөн ашык лицензия мамлекетке тапшырылды, анын ичинен 65 лицензия алтын кендери үчүн берилген болчу.

> Лицензияны кармоо боюнча төлөмдүн суммасын көбөйттүк эле, жарым жылда 87%ы төлөндү. Жергиликтүү бюджеттерге 213 млн сомдон ашык каражат түштү”, – деди минкабдын жетекчиси.

Эскерте кетсек, ушул тапта президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө.