> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 5 айдагы КРнын соода жүгүртүүсү: экспорт - 18%, импорт - 82%ды түздү
- URL: https://im.kg/all/2022/07/15/5-ajdagy-krnyn-sooda-zh-g-rt-s-eksport-18-import-82-dy-t-zg-n/
- Published: 2022-07-15T13:24:03.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-май айларында КРнын тышкы соода жүгүртүүсү 3.9 млн долларды түзгөн жана 2021-жылдын январь-майына салыштырмалуу (импорттун эсебинен) 45%га өскөн. Бул тууралуу кечээ, министрлер кабинетинин жыйынында айтылды.** 

> Соода жүгүртүүнүн түзүмүндө **экспорттун үлүшү – 17.9 %ды**, **импорт – 82.1%ды** түзгөн. 

5 айда товарлардын **экспорту** 2021-жылдын январь-майына салыштырмалуу **4.1 %га азайып**, 707.8 млн долларды түзгөн. 

> 2022-жылдын январь-май айларында **импорттук түшүүлөр 3.2 млн долларды** түзүп**, 1.6 эсеге** көбөйгөн. 

##### **Импорттук түшүүлөрдүн көбөйүшү негизинен:**

- бут кийимдердин – 5.1 эсеге
- трикотаж кездемелеринин – 4.6 эсеге
- жабдуулардын жана механикалык түзүлүштөрдүн – 2.7 эсеге
- кийим-кече жана ага таандык буюмдардын – 2.4 эсеге
- пластмасса жана алардан жасалган буюмдардын – 1.7 эсеге
- синтетикалык комплекстүү жиптерден кездемелердин – 1.7 эсеге
- **жашылча жана тамыр өсүмдүктөрүнүн** – **45.1 %га**
- жер **транспортунун жана алардын тетиктеринин** – **36.7%га**
- **электр машиналарынын жана жабдууларынын** – **34.5**%га
- **резина жана андан жасалган буюмдардын – 30.4 %га**
- парфюмерия-косметика жана туалет буюмдарынын – 27.1%га
- **жер семирткичтердин – 26.5 %га**
- **кара металл буюмдарынын – 24.1%га**
- мунай продуктуларынын – 20.0 %га,
- фармацевттик продукциянын – 16.2 %га
- жаратылыш газынын – 7.3 %га
- ыгач жана андан жасалган буюмдардын – 6.4 %га
- кара металлдардын – 1.5 %га өсүшү менен шартталган.