> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Алматыдан Ысык-Көлгө аба каттамдарынын саны көбөйдү - жумасына 4 жолу
- URL: https://im.kg/all/2022/07/15/almatydan-ysyk-k-lg-aba-kattamdarynyn-sany-k-b-jd-zhumasyna-4-zholu/
- Published: 2022-07-15T16:16:43.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«МЭА» ААК Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттамдардын жыштыгы көбөйтүлгөнүн кабарлады.**

«Алматы – Тамчы – Алматы» багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды. 

> SCAT авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды жумасына 4 жолу – **дүйшөмбү, шейшемби, жума** жана **ишемби** күндөрү аткарып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган авиакомпания Алматыдан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна каттамдарды дүйшөмбү жана жума күндөрү гана аткарып келген.