> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Биринчи жарым жылда республикалык бюджет 818 млн сом профицит менен аткарылды
- URL: https://im.kg/all/2022/07/15/birinchi-zharym-zhylda-respublikalyk-bjudzhet-818-mln-som-proficit-menen-atkaryldy/
- Published: 2022-07-15T15:45:44.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Биринчи жарым жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын республикалык бюджети 818 млн сом профицит менен аткарылды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> Алдын ала маалыматтар боюнча республикалык бюджеттин жалпы **кирешеси – 122 млрд сомду**, **чыгашасы – 121.2 млрд сомду** түзгөн. Ошентип бюджетте 817.5 млн сом суммасында профицит түзүлгөн.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде тартыштык – (-) **297.8 млн сомду** түзгөн. 

Бул таңкыстыкты жабуу булактары боюнча аткарылышы **7.9 млн сомду** түзгөн, анын ичинен:

> Ички булактар **5.7 млрд сом**  
> Тышкы булактар – **2.2 млрд сомду** түзгөн.