> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Күчөгөн туристтик мезгилде Арсланбобго баруучу жолду оңдоо башталды
- URL: https://im.kg/all/2022/07/15/k-ch-g-n-turisttik-mezgilde-arslanbobgo-baruuchu-zholdu-o-doo-bashtaldy/
- Published: 2022-07-15T11:36:37.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жыл сайын 100 миң турист келген Арсланбобго баруучу жол быйыл оңдолот. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.**

Быйылкы жылы Арсланбоб – Базар-Коргон жолунун 50 чакырымынын 5 чакырымы оңдолот. Бул үчүн Транспорт министрлиги **36 млн сом** бөлгөн.

> «Учурда аймактын борборунан Гумкана айыл аймагына чейин иштер жүрүп жатат, жолду «Абий Нур» ЖЧКсы жасап жатат. Куруучулар эски асфальтты алып, тегиздөө иштерин жүргүзүшүүдө. 5 чакырым жолдун курулушу эки айга созулушу мүмкүн», – деген министрлик бул жолду №50 жол тейлөө мекемеси тейлей тургандыгын билдирди.

**Арсланбоб** — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы туристтик жай. Бишкек шаарынан 690 км алыстыкта. Айылдын курамына Арсланбоб, Гумкана, Белтерек, Жай-Терек, Жарадар деген айылдар кирет. Бул аймакта жай мезгилинде аба ырайы салкын болгондуктан дал ушул жаз-жай мезгили туристтер көп барат.