> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан беш айда 41 кг алтын экспорттоду - өткөн жылы бул мезгилде 4.1 тонна сатылган
- URL: https://im.kg/all/2022/07/15/kyrgyzstan-besh-ajda-41-kg-altyn-eksporttodu-tk-n-zhyly-bul-mezgilde-4-1-tonna-satylgan/
- Published: 2022-07-15T18:16:17.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:15:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан 5 айда 41 кг алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат.**

> 2022-жылдын январь айынан май айына чейин Кыргызстандан **41.4 кг** алтын экспорттолгон. Ошондой эле алтындын баары Түркия мамлекетине сатылып, анын жалпы көлөмүнүн наркы **390 миң доллардан** бир аз жогору бааланган.

Белгилей кетсек, **өткөн жылдын ушул мезгилинде 4 тонна 135.7 кг** алтын сатылган жана ал 2020-жылга салыштырмалуу 12 тоннага аз болгон.

---

Эскерте кетсек, Лондондун баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (LBMA) өткөн жылы 17-сентябрдан тарта «Кыргызалтын» ААКты ишенимдүү [жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен алып салган ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/09/20/london-associaciyasy-kyrgyzaltyndy-tizmeden-chygardy/)эле. Алтындын экспортунун төмөндөшү да ушул маселеге байланыштуу болгон. Бирок ушул жылдын 4-майында «Кыргызалтын» LBMA Кыргызстандын статусун кайрадан калыбына келтиргенин [билдирген](http://localhost/info-portal/novosti/2022/05/04/londonskaya-associaciya-vernula-kyrgyzaltynu-status-nadezhnogo-postavshhika-zolota-good-delivery/).