> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан жыл башынан бери 3 миңден ашуун жаранын Корея менен Улуу Британияга «кара жумушка» жөнөттү
- URL: https://im.kg/all/2022/07/15/kyrgyzstan-zhyl-bashynan-beri-3-mi-den-ashuun-zharanyn-koreya-menen-uluu-britaniyaga-kara-zhumushka-zh-n-tt/
- Published: 2022-07-15T13:49:16.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:14:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жыл башынан бери Түштүк Кореяга жана Улуу Британияга 3 миңден ашуун жаран иштегени кетти. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев [билдирди.](https://www.facebook.com/permalink.php?story%5Ffbid=pfbid0cPUX6WwVHTVoj6SMAMsBTMXRQTjXfMTwo4KUHKyu4LBmQ7jUdGDBsEpvw2YUuPPWl&id=100064790466273)**

Министрдин айтымында, Кыргызстанда чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу боюнча 117 агенттик бар жана жыл башынан бери 3000ден ашуун кыргызстандык кеткен.

> «Эгерде 2021-жылы Кореяда 750 квота болсо, 2022-жылдын башынан бери ал 1800гө чейин көбөйдү. Учурда жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен биргеликте Япония жана Финляндияда кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу иштери жүрүп жатат», – деди ал.

---

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылы КРнын жарандарынын Улуу Британия өлкөсүндө **айыл чарба багытындагы** мезгилдик жумуштарга иштеп келүүсү үчүн 1 миң квота [бөлүнгөн](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/01/krnyn-zharandaryna-uluu-britaniyanyn-ajyl-charba-tarmagynda-ishtep-kel-g-1000-kvota-b-l-nd/). Ошондой эле Түштүк Корея да кыргызстандыктарды айыл-чарба, өнөр-жай тармактарында ишке орноштуруу үчүн 5 миң квота бөлгөн болчу.

***Кошумча окуңуз:*** [Кыргызстан эмнеге жумушчу күчүн экспорттоого кызыкдар? – экономика мигранттардын акчасынан көз каранды](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/05/18/kyrgyzstan-emnege-zhumushchu-k-ch-n-eksporttoogo-kyzykdar-ekonomika-migranttardyn-akchasynan-k-z-karandy/)