> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Узбекистон хаво йуллари» Ташкенттен Бишкекке 4 аба каттамын ачты
- URL: https://im.kg/all/2022/07/15/uzbekiston-havo-jullari-tashkentten-bishkekke-4-aba-kattamyn-achty/
- Published: 2022-07-15T11:07:01.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«МЭА» ААК Ташкенттен Бишкек шаарына каттамдардын жыштыгы көбөйтүлгөнүн билдирди.**

2022-жылдын июль айында «Ташкент – Бишкек – Ташкент» багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды. 

> «Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды **дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби** жана **ишемби** күндөрү аткарып жатат. 

Эске салсак, бул убакытка чейин Ташкент шаарынан Бишкекке авиакаттамдар жумасына 2 жолу гана аткарылып келген.

Ошондой эле Бишкектен Санкт-Петербург шаарына да авиакаттамдардын саны көбөйтүлдү.

> «Манас» эл аралык аэропортунан **Санкт-Петербург** шаарына кошумча каттамдарды «Уральские авиалинии» авиакомпаниясы **шейшемби** жана **шаршемби** күндөрү аткарып жатат. 

Ал эми «Бишкек – Санкт-Петербург – Бишкек» багыты боюнча авиакаттамдарды «АвиаТраффикКомпани» компаниясы да **жумасына эки жолу** (ишемби жана бейшемби) аткарып келет.