> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңы салына турган «Ак үйдүн» долбоорун иштеп чыгууга сынак жарыяланды - биринчи үч байгеге 1 млн сомдон берилет
- URL: https://im.kg/all/2022/07/15/zha-y-salyna-turgan-ak-jd-n-dolboorun-ishtep-chyguuga-synak-zharyyalandy-birinchi-ch-bajgege-1-mln-somdon-berilet/
- Published: 2022-07-15T17:35:50.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:56:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси Чыңгыз Айтматов проспектисинде салына турчу административдик комплексти куруу үчүн долбоордун концепциясын иштеп чыгууга ачык сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы [билдирди](https://bga.kg/?p=4889).**

Берилген маалыматка ылайык, сынак 14-октябрга чейин болот. Ага архитектуралык ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берүүчү күбөлүгү бар архитекторлор катыша алат.

> Мыкты деп табылган үч долбоорго **1 млн сомдон байге** каралган. Ошондой эле беш долбоорго **360 миң сомдон** кызыктыруучу сыйлыктар берилет.

Сынак демөөрчүлөрдүн каражатына президенттин иш башкармалыгынын жетекчилиги алдында өтөт.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 15-апрелде Бишкекте мурдагы Ысык-Көл мейманканасынын ордуна курулганы жаткан президенттик администрациянын имаратынын пайдубалына капсула салган. Кийинчерээк жаңы Ак үйдү кыргызстандык компания курарын, анын ордуна шаардан 16 гектар жер берилип жатканын [жарыялаган болчу](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/25/imarat-z-25-mi-charchy-metrge-zhetet-bul-30-mln-dollardyn-tegeregi-bolot-prezident-zha-y-ak-j-tuuraluu/).