> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен облусунда быйыл 80 тоннага аз эт өндүрүлдү - мал кармагандар азайды
- URL: https://im.kg/all/2022/07/19/batken-oblusunda-byjyl-80-tonnaga-az-et-nd-r-ld-mal-karmagandar-azajdy/
- Published: 2022-07-19T18:19:29.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-июнь айында Баткен облусунан башка республиканын бардык аймактарында эт көп өндүрүлгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

> Баткен облусунда эт өндүрүү 11 миң 966 тоннаны түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **80 тоннага азайып**, **99.3%ды** түзгөн. Облуста эт өндүрүнүн төмөндөшүнүн эң негизги себеби – кой/эчкинин саны – 14 миң 262 башка, анын ичинде эчкинин саны – 12 миң 653 башка жана жылкылардын саны 783 башка азайышы менен байланыштуу болгон.

2022-жылдын жарым жылдык отчеттук мезгилинде республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 190.2 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлүп, **4 миң 894 тонна**, же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.6%га көбүрөөк болгон.