> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө каралган акчанын жарымын берди
- URL: https://im.kg/all/2022/07/19/finansy-ministrligi-k-z-kysh-mezgiline-dayardyk-k-r-g-karalgan-akchanyn-zharymyn-berdi/
- Published: 2022-07-19T17:37:34.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:01:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоого 4 млрд 495 млн сом каралып, 2022-жылдын 30-июнуна карата 2 млрд 300.5 млн сом бөлүнгөн (49.2%). Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Эң көп каржы талап кылган «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин жылуулук энергиясын субсидиялоого **1.41 млрд сом** (93.6 млн сомго 2021-жылга салыштырмалуу көп) каралып, **860 млн сом** бөлүнгөн.

Андан тышкары, калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу, бул чыгашалар “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларынын жоготууларынын ордун толтуруу үчүн **160 млн сом** кошумча бөлүү каралууда.

2021-жылы “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы менен кредитордук карызды жөнгө салуу үчүн бөлүнгөн **200 млн сом** бюджеттик кредиттин мөөнөтү кайра каралат.

Ошондой эле:

- Бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарда жашаган калкка электр энергиясына төлөө үчүн 50%дык жөлөкпулдун компенсациясына **150 млн сом** каралып, анын ичинен 95.5 млн сом бөлүнгөн
- Республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдардын коммуналдык чарбага байланыштуу чыгашаларына **2\. 96 млрд сом** каралган. Иш жүзүндө керектөө 30.06.2022-ж. электр/жылуулук ресурстары үчүн 1 343.7 млн сомду түзүп, анын ичинен электр энергиясы үчүн 1 079.4 млн сом, жылуулук энергиясы үчүн 242.5 млн сом, жаратылыш газы үчүн 21.8 млн сом төлөнгөн
- Республикалык бюджеттин бюджеттик мекемелерине көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга **270.7 млн сом** каралып, анын ичинен 11 млн сом бөлүнгөн.