> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кутессай-II, Андаш, Талды-Булак жана Күрмөнтү кендери «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингине өттү
- URL: https://im.kg/all/2022/07/19/kutessaj-ii-andash-taldy-bulak-zhana-k-rm-nt-kenderi-uluu-k-chm-nd-r-murasy-holdingine-tt/
- Published: 2022-07-19T15:39:48.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:02:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги төрт кенди чалгындоого лицензия алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда маалымат жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри** **Динара Кутманова билдирди.**

Анын айтымында, **Андаш**, **Талды-Булак** алтын кендери, **Кутессай-II** сейрек кездешүүчү металл кени жана **Күрмөнтү** акиташ кенин алышкан.

> «Алар көп кайрылуу жолдошту. Алардын айрымдары четке кагылды. Эгерде мыйзам чегинде чектөөлөр болсо, биз баш тартып жаттык. Дагы бир жолу белгилей кетейин, мыйзамдуу чектөөлөр болгон жерде лицензия берилбейт», – деп кошумчалады Кутманова.