> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда эркектер аялдарга салыштырмалуу 42%га көп жумуш менен камсыз болгон - эркектер 1.6 млн
- URL: https://im.kg/all/2022/07/19/kyrgyzstanda-erkekter-ayaldarga-salyshtyrmaluu-42-ga-k-p-zhumush-menen-kamsyz-bolgon-erkekter-1-6-mln/
- Published: 2022-07-19T10:39:27.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:35:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улутстатком 2021-жылга карата өткөргөн үй-чарбасынын бюджетинин жана жумушчу күчүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыктары менен бөлүштү.** 

2021-жылдагы изилдөөнүн маалыматтары боюнча, 15 жана андан улуу жаш курактагы **жумушка жарамдуу калктын саны 2.7 миллионго** жакын адамды түзгөн, алардын ичинен 2.5 миллиондон ашыгы иштегендер жана 142 миңден ашык жумушсуз жүргөндөр болгон.

> Экономикада иштегендердин жалпы санында иштеген эркектердин саны **1.6 млн** адамга жетип, ал иштеген аялдардын санынан (965 миң) ашкан.

2021–жылы калктын иш менен **камсыздуулук** деңгээли 57%ды түзүп, бул 2020-жылга салыштырмалуу 0.5%га гана көп болгон. 

> Эркектердин арасында **иш менен камсыздуулук деңгээли (72.5%)** **аялдарга караганда (42.4%га) жогору**. Жумушсуздуктун деңгээли 5.3%ды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 0.5%дык пунктка төмөндөгөн.