> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Памирлик кыргыздарга үй салып берүүгө 77 млн сом бөлүнөт - 400 үй-бүлө келет
- URL: https://im.kg/all/2022/07/19/pamirlik-kyrgyzdarga-j-salyp-ber-g-77-mln-som-b-l-n-t-400-j-b-l-kelet/
- Published: 2022-07-19T10:08:26.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринен келген этникалык кыргыздарга үй салып берүүгө казынадан 77 млн 220 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу Эмгек социалдык министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, бөлүнгөн каражатка Ош облусунун Кашка-Суу айылынан **70 гектар аянтка 30 турак жай** курулмакчы.

> Базарбаев эки жылда (2022-2024-жылдары) Ооганстандын Кичи жана Улуу Памир аймагынан Кыргызстанга **1.5 миң** этникалык кыргыздарды (400 үй-бүлө) көчүрүп келүү пландалып жатканын жана бул иш-чарага **245 млн сом** жумшала тургандыгын билдирди.