> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Санариптик өнүктүрүү министрлиги Илон Маск менен кызматташууну көздөөдө
- URL: https://im.kg/all/2022/07/19/sanariptik-n-kt-r-ministrligi-ilon-mask-menen-kyzmattashuunu-k-zd-d/
- Published: 2022-07-19T16:54:19.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Санариптик өнүктүрүү министрлиги байланыштын сапатын жакшыртуу үчүн кошумча ресурс үчүн SpaceX менен кызматташуунун үстүндө [иштеп жатат](https://www.facebook.com/digital.gov.kg/posts/pfbid02eT4YQdK9TRJZuBctGNKwq1ApAvLUSP7SYArpsTYcJbceB1LREgufz8RShb5QvZPDl). Бул тууралуу министр Талантбек Иманов маалымат жыйынында билдирди.**

> Анын айтымында, өлкө бардык операторлор менен байланыштын сапатын көзөмөлдөөнү пландаштырууда.

Space Exploration Technologies Corporation (SpaceX) — космостук технологияларды чыгарган америкалык компания. SpaceX 2002-жылы Марсты колониялоо үчүн ракета жасоону көздөгөн Илон Маск тарабынан негизделген.