> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк 40 акча алмаштыруу жайынын лицензиясын убактылуу алып салды
- URL: https://im.kg/all/2022/07/19/uluttuk-bank-40-akcha-almashtyruu-zhajynyn-licenziyasyn-ubaktyluu-alyp-saldy/
- Published: 2022-07-19T10:19:06.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Акыркы убактагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жөнгө салуучу банк 40 факты боюнча акча алмаштыруучу жайлардын лицензиясын убактылуу токтотуп, жалпысынан 1 млн сомдон ашык айып пул салганын Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.**

Ал белгилегендей, учурда **валюталык спекуляцияга жол бербөө** үчүн банктарга жана акча алмаштыруу жайларына мониторинг жана көзөмөл күчөтүлүүдө.

> «Улуттук банк кырдаалга дайыма көз салып турат жана зарыл болгон учурда финансылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрөт. Көрүлгөн чаралар тууралуу бардык маалыматтар Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган», – деди Карабаева.