> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# USAID Баткендин мөмө-жемиштерин өндүрүүчүлөрүнө жаңы шок тоңдургуч жабдууларын берди
- URL: https://im.kg/all/2022/07/19/usaid-batkendin-m-m-zhemishterin-nd-r-ch-l-rg-alardy-zhakshy-baada-eksporttoogo-k-m-kt-sh-t/
- Published: 2022-07-19T11:10:27.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:09:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**USAID Баткен мөмө-жемиштерин өндүрүүчүлөргө ыңгайлуу баада экспорттоого көмөктөшөт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.** 

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Грин Экспорт КейДжи» фермердик чарбасына жаңы шок тоңдургуч жабдууларын  
берди. 

Жаңы жабдуулар «Грин Экспорт КейДжи» компаниясына күнүнө **20 тоннага чейин** малинаны кайра иштетүүгө жана заматта тоңдуруу технологиясы малинаны узак мөөнөткө сактоого мүмкүндүк берип, малинаны коңшу өлкөлөргө экспорттоону көбөйтөт. 

> “Өндүрүш кубаттуулугу кеңейген «Грин Экспорт КейДжи» ишканасы Кадамжайда үй шартында малина өстүргөн 500дөн ашуун кожолук үчүн туруктуу кардарына айланды. Компания облуста өз  
> ишин баштагандан бери 1 килограмм малинанын баасы орто эсеп менен 50 сомдон 200 сомго чейин көтөрүлүп, майда фермерлердин кирешесин бир топ жогорулатты.

4 млн сомдон ашык суммага мөмө-жемиштерди тоңдургуч жабдуулары USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында берилген. Бул шок-тоңдуруу технологиясы клетканын түзүлүшүн, бардык  
пайдалуу микроэлементтерди жана 85-90% витаминдерди сактап калууга мүмкүндүк берет.

> «Малинаны өстүрүү жана сатуу боюнча сегиз жылдык, ал эми тоңдурулган азыктарды коңшу өлкөлөргө экспорттоо боюнча эки жылдык тажрыйбабыз бар. Азыр биз USAIDдин колдоосу  
> менен өз ишмердүүлүгүбүздү кеңейтип, жергиликтүү фермерлер менен малинаны туура өстүрүү жана жыйноо боюнча түшүндүрүү иштерин улантууну көздөп жатабыз, бул сапаттын жана  
> өндүрүштүн жакшырышына алып келет», – дейт мекеменин жетекчиси Акторо Саттаров.

  
USAIDдин «Агросоода» долбоору Кыргызстандын айыл чарба ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Өзбекстан менен соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу жаңы жумуш орундарын жана кирешелерди көбөйтүүгө багытталган.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/raspberry-4.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/raspberry-4.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/raspberry-2.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/raspberry-2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/raspberry-1.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/raspberry-1.jpg)