> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысыкта электр энергиясын колдонуу рекорддук көрсөткүчкө жетти - Токтогулда суунун чыгымы көбөйдү
- URL: https://im.kg/all/2022/07/19/ysykta-elektr-energiyasyn-koldonuu-rekordduk-k-rs-tk-chk-zhetti-toktogulda-suunun-chygymy-k-b-jd/
- Published: 2022-07-19T17:54:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:56:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда жай мезгилиндеги электр энергиясын колдонуунун рекорддук көрсөткүчү катталганын “Улуттук энергохолдинг” билдирди.** 

> **Аба ырайынын кескин ысышына байланыштуу** жайкы мезгилдеги электр энергиясын колдонуунун рекорддук көрсөткүчү катталды. Үстүбүздөгү жылдын 19-июлуна карата электр энергиясынын суткалык керектөөсү **34 млн кВт-саатты** түзгөн. Ал эми өткөн жылы 29 млн кВт-саат, 2020-жылы 28 млн кВт-саат болгон.

Электр энергиясын колдонуунун өсүшү менен катар эле Токтогул суу сактагычындагы суунун чыгымы көбөйүп, **практикалык түрдө куймасы менен теңелип** калган. Азыркы учурда суунун деңгээли 12.7 млрд куб метрди түзсө, куймасы 538 куб метрди, ал эми чыгымы 458 куб метрди түзүүдө. 

- Бул кырдаалдарга байланыштуу “Улуттук энергохолдинг” ишканасы энергетика түзүмүнүн үзгүлтүксүз ишин камсыздоо үчүн электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.