> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Августтан баштап 58 миң мамлекеттик кызматкердин айлыгы жана пенсия 50% көтөрүлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/07/20/avgusttan-bashtap-58-mi-mamlekettik-kyzmatkerdin-ajlygy-zhana-pensiya-50-k-t-r-l-t/
- Published: 2022-07-20T12:20:08.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**1-августтан баштап 58 миң мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда маалымат жыйынында Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.**

Министрдин айтканына таянсак, ал үчүн бюджеттен 7-8 млрд сом бөлүнөт. Мындан тышкары, октябрь айынан тарта пенсиянын да көлөмү 50%га көбөйтүлөт.

> «1-августтан баштап 58 миңге жакын мамлекеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлүшүн күтүп жатышат», — деди Бакетаев.

Ошондой эле министр 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында республикалык бюджеттин чыгашаларынын көлөмү 94.3 млрд сомду, ал эм 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында чыгашалардын көлөмү **54 млрд сомго көбөйүү менен** **148.7 млрд сомду** түзгөнүн кошумчалады.