> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек - Балыкчы поезд каттамына люкс вагондор кошулду - панорамалык терезелер, кондиционер, телевизор
- URL: https://im.kg/all/2022/07/20/bishkek-balykchy-poezd-kattamyna-ljuks-vagondor-koshuldu-panoramalyk-terezeler-kondicioner-televizor/
- Published: 2022-07-20T11:31:19.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:22:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**22-июлдан тарта модернизацияланган люкс вагон Бишкек – Балыкчы жүргүнчүлөр поездине кошулат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” МИнин кызматкери Дайырбек Орунбеков билдирди.**

> “Республикалык ички каттамдагы Бишкек – Балыкчы жүргүнчүлөр поездине 51 орундуу люкс вагон кошулат, ал Бишкектен жөнөтүлөт. Вагондо жүрүүчү бөлүктөрдүн жана автотоктоткучтардын жаңы элементтери орнотулган, **панорамалык терезелер, кең форматтагы телевизорлор, аудио стерео система, телефон жана ноутбукту кубаттоо үчүн түйүндөр, муздатылган суусу менен кулер, муздаткыч**, ошондой эле **кондиционер** бар”, – дейт ал. 

Бул поезддин каттамы боюнча жүргүнчүнүн отурган жана түшкөн бекетине карабастан жол жүрүү акысы төмөнкүчө: 

- 5 жаштан 10 жашка чейинки балдардын жолдо жүрүү акысы – **250 сом**
- 10 жаш жана андан жогору курактагы жүргүнчүлөрдүн жолдо жүрүү акысы – **500 сом**
- Жүргүнчүнүн өзү менен 5 жаштан жогору эмес курактагы бир бала, эгер ал отуруу үчүн өзүнчө орун ээлебесе, акысыз жүрөт
- Мындан тышкары 36 кг чейин кол жүгү – акысыз.

> Люкс вагон кошулган Бишкек – Балыкчы поезд каттамы **22-июлдан** тарта күн ара **31-августка чейин** жүрөт. 

Белгилей кетсек, 18-июлдан тарта Бишкек – Балыкчы жүргүнчүлөрдү ташуу каттамы күнүгө аткарылып жатат. 

Маалымат үчүн телефондор: (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/vagon-1024x768.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/vagon.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/vagon1.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/vagon1.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/vagon2-769x1024.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/vagon2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/vagon3-769x1024.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/vagon3.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/vagon4-769x1024.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/vagon4.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/vagon5-1024x768.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/vagon5.jpg)