> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы министрлигинин расмий сайтына киберчабуул болду
- URL: https://im.kg/all/2022/07/20/finansy-ministrliginin-rasmij-sajtyna-kiberchabuul-boldu/
- Published: 2022-07-20T11:03:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Финансы министрлигинин сайтына кибер чабуул болду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.**

> Ведомство өзүнүн Facebook [баракчасында](https://www.facebook.com/min.fin.official/) кечээ, 19-июлда расмий сайтка кибер чабуул болгонун жана учурда адистер техникалык жумуштарды жүргүзүп жатканын билдирген.

**Киберчабуул** (хакердик чабуул) – компьютердик системанын маалыматтык коопсуздугуна болгон аракет, маалыматтык системага кол салуу. Анын иштешин үзгүлтүккө учуратуу үчүн жеткиликтүүлүк, бүтүндүк же купуялуулукту бузууга багытталган чабуулчу тарабынан атайылап жасалган аракеттердин жыйындысы.