> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан эми Россия менен соодасын толук орус рублинде жүргүзөт
- URL: https://im.kg/all/2022/07/20/kyrgyzstan-emi-rossiya-menen-soodasyn-toluk-orus-rublinde-zh-rg-z-t/
- Published: 2022-07-20T16:16:58.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Россия менен соода жүргүзүүдө эсептешүүлөрүнүн баарын орус рублине өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” [билдирди](https://www.azattyk.org/a/31951686.html).** 

Анда министр орус-кыргыз товар жүгүртүүсү толук рублге өткөнүн айткан. 

> “Анткени Россия SWIFT системасынан чектелгенден кийин операцияларды башка валюталар менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан азыр эң альтернативдүү валютабыз – орустардын рубли болуп жатат. Бажы биримдигиндеги пошлинабыз да азыр Россия менен рубль – сом болуп жүргүзүлүүдө”, – деген ал.

Министрдин айтымында, буга чейин газ жана күйүүчү майлоочу материалдар боюнча “Газпром” менен эсептешүү доллар менен жүргүзүлүп келген.