> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» эл аралык аэропорту» жарым жылда 2.2 млн жүргүнчүнү тейледи
- URL: https://im.kg/all/2022/07/20/manas-el-aralyk-aeroportu-zharym-zhylda-2-2-mln-zh-rg-nch-n-tejledi/
- Published: 2022-07-20T09:41:28.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:54:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«МЭА» ААК 2022-жылдын 6 ай аралыгында 2 млн 200 миңден ашуун жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу башкы аэропорттун маалымат кызматы билдирди.**

> «Манас» эл аралык аэропорту» ААК 2022-жылдын 6 ай аралыгында 2 млн 220 миң 990 жүргүнчүнү тейледи. Бул көрсөткүч 2021-жылдын биринчи бөлүгүнө салыштырмалуу **42.3%га көп**. 

1 млн 509 миң 239 киши эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзсө, 711 миң 751-и ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзгөн.

Жарым жыл ичинде **19 миң 22 каттам** ишке ашырылган – бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 37.4%га көп. Авиакаттамдардын 13 миң 89 – эл аралык, ал эми 5 миң 933 – ички каттамдар болгон.