> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Новопокровкада «ЭлДан Аталык» чарбасынын 10 га эгин аянты күйүп кетти
- URL: https://im.kg/all/2022/07/20/novopokrovkada-eldan-atalyk-charbasynyn-10-ga-egin-ayanty-k-j-p-ketti/
- Published: 2022-07-20T09:19:39.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:11:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Новопокровка айылында кечээ, 19-июлда ачык айдоо аянтынан өрт чыгып, анын кесепетинен «ЭлДан Аталык» агроөнөр жай комплексинин 10 гектар эгин аянты күйүп кетти. Бул тууралуу [Economist.kg](http://localhost/info-portal/novosti/2022/07/19/v-novopokrovke-sgorelo-10-ga-posevov-kompanii-eldan-atalyk/) басылмасына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы барып, саат 18:53тө өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Белгилей кетсек, “ЭлДан Аталык” Кыргызстандагы эң ири агроөнөр жай холдингдердин бири **“Аталык Групп”** тобуна кирет.

«Аталык Групптун» сайтында маалымдалгандай, **«ЭлДан Аталык» агроөнөр жай комплекси үрөнчүлүк жана асыл тукум мал чарбасы** менен алектенет. Айдоо аянттары 3000 гектардан ашык. Негизги багыттары үрөндүк арпа, беде, кант кызылчасы жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү болуп саналат.