> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстан буудай менен унду экспорттоого квота киргизди – бул күз-кыш айларында биздеги инфляцияны тездетиши мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2022/07/21/kazakstan-buudaj-menen-undu-eksporttoogo-kvota-kirgizdi-bul-k-z-kysh-ajlarynda-bizdegi-inflyaciyany-tezdetishi-m-mk-n/
- Published: 2022-07-21T12:41:59.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:30:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Июнь айында Кыргызстанда инфляциянын жылдык мааниси 13%га чейин төмөндөгөн. Бир ай мурун бул көрсөткүч 14%ды түзгөн. Анткен менен Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери күз-кыш айларында инфляция тездеши мүмкүн экенин айтышууда.**

Июнь айында жылдык инфляциянын басаңдашы статистикалык фактордун таасири менен шартталган.

> «Былтыр азык-түлүк бааларынын өсүшү эң жогорку көрсөткүчкө жакындаган. 2022-жылдын жай айларында инфляциянын жылдык мааниси өткөн жылдын жогорку базасынан улам басаңдайт. Июнь айында инфляциялык тобокелдиктер күчөгөн. Ошентип, керектөө бааларынын сезондук такталган индекси май айына салыштырмалуу 1.7%ды түздү», — деп айтылат маалыматта.

Баалардын тышкы басымынын тобокелдиктери июль айынан октябрга чейин **Казакстандан буудай жана унду экспорттоого квоталардын киргизилишине** байланыштуу жогорулады. Казакстан Кыргызстандын ички рыногуна негизги импорттоочу болуп саналат.

> «Кыргызстандын керектөө куржунунда нан жана дан азыктарынын үлүшү 15%ды түзөрүн эске алсак, **2022-жылдын күз-кыш айларында инфляция тездеши мүмкүн**», – дешет эксперттер.

Энергоресурстардын дүйнөлүк бааларынын жогорулашы жана глобалдык жеткирүү чынжырындагы үзгүлтүктөрү да кошумча басым жасап, инфляцияны күчөтүшү мүмкүн. 

ЕӨБ эксперттери 2022-жылдын аягына чейин инфляция 15.3% деңгээлинде болот деп болжолдошууда. Белгилей кетсек, Экономика министрлигинин болжолу боюнча бул көрсөткүч 15%ды түзөт. Бирок эң начар сценарийди Улуттук банк сунуштайт: анын айтымында жылдын жыйынтыгы боюнча инфляция 15.5% деңгээлинде болушу күтүлөт.