> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргызалкопром» президенттен алкоголдук продукцияны өндүрүүнү монополиялаштыруу боюнча жарлыкты кийинкиге калтырууну суранды
- URL: https://im.kg/all/2022/07/21/kyrgyzalkoprom-prezidentten-alkogolduk-produkciyany-nd-r-n-monopoliyalashtyruu-bojuncha-zharlykty-kijinkige-kaltyruunu-surandy/
- Published: 2022-07-21T15:12:58.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:42:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“Кыргызалкопром” ассоциациясы өлкөдө этил спиртин өндүрүүнү жана анын жүгүртүүсүн монополиялаштыруу боюнча жарлыктын аткарылышын кийинкиге калтыруу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго жана министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго ачык кат менен кайрылды.**

Ассоциация кырдаалды жакшылап изилдөө үчүн ар кыл тармактын өкүлдөрүн жана бизнес чөйрөсүн тартып, жумушчу топ түзүүнү суранат.

> «Жарлык күчүнө киргенден кийин республикада ишкерлер кадимкидей иштеши үчүн шарттар бузулат, рынокто атаандаштыктын жоктугу тармакка терс таасирин тийгизет деп эсептейбиз», — деп айтылат кайрылууда.

Салык жыйымдарын көбөйтүү үчүн мамлекет катаал чараларды көрүп жатканын ассоциация толук түшүнөрүн белгиледи.

> «Бирок өлкөнүн эң маанилүү тармактарынын бири туруктуу өнүгүшү үчүн, мамлекеттик жөнгө салуу, контролдоо жана стимулдаштыруу чараларын ченеми менен жана субъекттердин пайдасына колдонуу керек экенин түшүнүү зарыл», – деп баса белгилешет кайрылуунун авторлору.

Белгиленгендей, ассоциация кырдаалды анализдеп, рынокто мониторинг жүргүзгөн, алар төмөнкү жыйынтыктарды көрсөткөн:

- КР мыйзамдары жеке субъекттерге инвестицияларды тартуу укугун бергендиктен, жарандардын жеке жана карызга алган каражаттарынын эсебинен **беш жеке спирт заводу** курулуп жана иштетилип келген.
- Бул сегментти мамлекет тарабынан монополизациялоо практикасы (республика мындан 2010-жылы баш тарткан) ишкерлердин көпчүлүк бөлүгүнүн абалын начарлаткан – алардын укуктары жана кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, бюджеттин киреше бөлүгү толукталган эмес.
- Жарлыктын күчүнө кириши инвестициялык климатка да, заводдордун ишине да терс таасирин тийгизет, алардын банкрот болушуна же өндүрүштүн жабылышына алып келет.

>  
> «КР Конституциясынын 17-беренесинде мамлекет мыйзамдарда белгиленген тартипте инвестицияларды жана инвесторлорду коргоого кепилдик берет деп айтылган. Мындан тышкары этил спиртин өндүрүүнү монополиялаштыруу сөзсүз түрдө **коррупциялык элементтерге, сапатсыз продукцияны чыгарууга алып келет**», – деп айтылат кайрылууда.