> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соодага тоскоолдук - Садыр Жапаров кесиптештерин чек араларда жүк өткөрүүнү негизсиз кечеңдеткенди токтотууга чакырды
- URL: https://im.kg/all/2022/07/21/soodaga-toskoolduk-sadyr-zhaparov-kesipteshterin-chek-aralarda-zh-kt-rd-negizsiz-karmoonu-toktotuuga-chakyrdy/
- Published: 2022-07-21T17:07:03.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:37:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Темир жол жана автомобиль коридорлорун өнүктүрүү Борбор Азияда Жибек Жолунан кем эмес соода жолдорунун кесилишин түзө алат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда президент Садыр Жапаров билдирди, деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.**

Жапаров белгилегендей, дүйнөлүк экономиканын «салмак борбору» Азияга карай жылып, экономикалык өсүш жана дүң продукциянын өсүш динамикасы байкалууда. 2021-жылы ИДПнын жалпы үлүшү **300 млрд доллардан** ашкан. Президенттин айтымында, өсүштүн драйвери болуп эркин соода жана инвестиция, транспорттук жана транзиттик инфраструктураны өнүктүрүү, санариптештирүү саналат.

> «Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында түзүлгөн **чек ара соода борборлору**, ошондой эле кыргыз-казак чек арасына жакын өнөр жай соода-логистикалык борбору өлкөлөр арасындагы сооданы жандандырат», – деди Жапаров.

> Ал ошондой эле эркин соодага тоскоол болгон тарифтик жана тарифтик эмес барьерлерди, анын ичинде чек аралардагы **товарларды негизсиз кечеңдетүүлөрдү** толугу менен жоюунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Андан кийин ал санариптештирүү инструменттери бул топтолгон маселелерди чечүүгө жардам берет деген үмүтүн билдирди.

Мындан тышкары Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүн, аны ийгиликтүү ишке ашыруу Борбордук Азиянын эл аралык соода, инвестициялык жана транзиттик потенциалын олуттуу түрдө жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгиледи.