> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Тажикстан суу маселесин кайрадан чече башташат
- URL: https://im.kg/all/2022/07/22/kyrgyzstan-menen-tazhikstan-suu-maselesin-kajradan-cheche-bashtashat/
- Published: 2022-07-22T11:52:17.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан менен Тажикстан суу ресурстарын пайдалануу маселелери боюнча ведомстволор аралык кыргыз-тажик жумушчу тобунун ишин кайра баштоону макулдашты.**

Эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кечээ, 21-июлда, Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусунан кийин өткөн жеке жолугушууда мындай макулдашууга келишти.

Биринчи кезекте Кыргызстан менен Тажикстандын башчылары **чек ара көйгөйүн** талкуулашты, деп билдирди президенттик аппарат. Бул маселе боюнча делимитация жана демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү чечими кабыл алынды.

Экинчи маанилүү тема катары чек ара аймактарындагы транс чек аралык дарыялардын **суу ресурстарын** пайдалануу маселеси каралды.

> Мамлекет башчылары транс чек аралык дарыялардын суу ресурстарын эки тарапка тең пайдалуу колдонуунун маанилүүлүгүн белгилешип, суу ресурстарын пайдаланууга байланышкан маселелерди кароо боюнча кыргыз-тажик ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин кайра улантуу чечимине келишти, деп билдирди президенттик аппарат.