> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оңдоо иштерине байланыштуу Төө-Ашуудагы тоннелде кыймыл чектелет - график
- URL: https://im.kg/all/2022/07/22/o-doo-ishterine-bajlanyshtuu-t-ashuudagy-tonnelde-kyjmyl-chektelet-grafik/
- Published: 2022-07-22T11:19:33.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**22-июлдан 27-июлга чейин Бишкек-Ош жолундагы Көлбаев атындагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы билдирди.**

Күз-кыш мезгилине карата оңдоо жана калыбына келтирүү даярдык иштери жүргүзүлөрү айтылды.

**22-июлда өтмөк бул убактарда жабылат:**

- 4:00дөн 6:00гө чейин
- 10:00дөн 12:00гө чейин
- 14:00дөн 16:00гө чейин
- **23-27-июлда өтмөк бул убактарда жабылат:**
- 23:00дөн 1:00гө чейин
- 2:00дөн 04:00гө чейин

Калган убакта өтмөк толугу менен ачык болот. Ведомство айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү мындай аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүнөт.