> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Туризм бизнеси өлкөнүн бюджетин 338 млн сомго толуктады
- URL: https://im.kg/all/2022/07/22/turizm-biznesi-lk-n-n-bjudzhetin-338-mln-somgo-toluktady/
- Published: 2022-07-22T17:47:09.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жыл башынан бери туризм тармагында иш алып барган бизнес Кыргызстандын бюджетин 338 млн сомго толуктады. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда, Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди, деп маалымдайт [24.kg](https://24.kg/obschestvo/240353%5Fvbyudjet%5Fotsferyi%5Fturizma%5Fsnachala%5Fgoda%5Fpostupilo%5F338%5Fmillionov%5Fsomov%5Fnalogov/).**

Анын айтымында, былтыр пандемиянын кесепеттеринен улам туристтер аз келген, көптөгөн объектилер иштеген эмес. Быйыл болсо туризм тармагында **өсүү жана пандемияга чейинки көрсөткүчтөрдүн калыбына келиши** байкалууда. 15-августтан кийин жыйынтыктар белгилүү болот.

> «Азыр өсүш байкалып жатат. Эгерде 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында туризм тармагы бюджетке **231 млн 110 миң сом** салык төлөсө, быйыл ушул эле мезгилде **338 млн 175 миң сом** түштү», – деди Кенжематова.