> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзбекстан Сокулукта автозавод ачат
- URL: https://im.kg/all/2022/07/22/zbekstan-sokulukta-avtozavod-achat/
- Published: 2022-07-22T14:18:38.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан менен Өзбекстан өзбек автоунааларын чогултуу үчүн жаңы автозаводду Чүй облусунун Сокулук районунда курууну чечишти. Бул тууралуу [Podrobno.uz](https://www.podrobno.uz/cat/obchestvo/uzbekistan-i-kyrgyzstan-opredelilis-s-mestom-novogo-avtozavoda-gde-budut-proizvodit-uzbekskie-avto/?ysclid=l5uywgvoj5435750276) жазып чыкты.**

Маалым болгондой, учурда Кыргызстанда ишканага салык салуу жана ага жеңилдиктерди берүү маселеси каралууда.

> «Биз ЕАЭБге мүчө болгонубузга байланыштуу бул процесс бир аз татаалдашып жатат, анткени бул маселе боюнча уюмдун башка өлкөлөрү менен макулдашып алышыбыз керек. Ишкананын жайгашчу жери аныкталды. Бул Чүй облусунун Сокулук району болот. Азырынча ишке киргизүүнүн так датасы белгилене элек, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», – деди экономика министри Данияр Амангелдиев жакында Ташкентке барган иш сапарында.

Басылманын маалыматына караганда, буга чейин «Узавтосаноаттын» өкүлдөрү Кыргызстан өндүрүштү кеңейтүү үчүн артыкчылыктуу рыноктордун бири экенин билдиришкен, анткени Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан автотранспорттук коридору тетиктерди ташуу убактысын кыскартып, **Кыргызстанда автоунааларды чогултуу арзаныраак** болот.

Кошумчалай кетсек, өзбек тарап Кыргызстанда биринчи болуп Nexia R3 үлгүдөгү унаа чогултуларын билдирген.