> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл туризм тармагынан дээрлик 50 млн доллар түшкөн - ИДПдагы үлүшү 2.9%
- URL: https://im.kg/all/2022/07/25/byjyl-turizm-tarmagynan-deerlik-50-mln-dollar-t-shk-n-idpdagy-l-sh-2-9/
- Published: 2022-07-25T16:27:15.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы туризм тармагынан түшкөн киреше 49.5 млн долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда 2022-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында Маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.**

Анын айтымында, туризм секторунан түшкөн киреше 82%га өскөн. 

> «2022-жылы туризм тармагынан түшкөн киреше **49.5 млн долларды** түзүп, анын **ИДПдагы үлүшү 2.9%га жетти**. Өткөн жылдын ушул мезгилинде тейлөө тармагынан түшкөн киреше 27.1 млн долларды түзгөн эле», – деди Жаманкулов.

Ошондой эле ал жыл башынан бери Кыргызстанга алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө**н 3 млн 823 миң турист** келгенин, туризм тармагындагы негизги капиталга инвестициялардын көлөмү **584.8 млн сомго** жеткенин жана бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10.5%га көп экенин кошумчалады.

**Анын ичинен:**

- Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдөн — 49.5 млн сом түшкөн, былтыркыга салыштырмалуу 82%га көп.
- Туризмге салынган инвестиция — 584.8 млн сом болгон, былтыркыга салыштырмалуу 10%га көп.
- Туристтерди ташуудан түшкөн акча — 1 млрд 932 сом, соода-сатык — 3 млрд 901.3 млн сом, тамак-аш — 1 млрд 717 млн сом, туристтк агенттиктер — 291.6 млн сомду түздү.