> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАӨБ: КРда жыл аягына чейин инфляциянын деңгээли 15.3%га жетери болжолдонууда
- URL: https://im.kg/all/2022/07/25/ea-b-krda-zhyl-ayagyna-chejin-inflyaciyanyn-de-geeli-15-3-ga-zheteri-bolzholdonuuda/
- Published: 2022-07-25T13:25:29.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) талдоочулары 2022-жылдын аягында КРда инфляциянын деңгээли 15.3%га жетет деп [болжолдошууда](https://eabr.org/upload/iblock/d15/EDB%5FMacroreview%5F2022%5F05%5FRU%5Fweb.pdf).**

ЕАӨБ дүйнөлүк рыноктогу инфляциялык факторлор 2022-жылдын февраль-март бекемделгенин айтат.

> “Бул жагдай инфляциянын өсүшүнө түрткү берет жана анын жылдык темпинин туу чокусу, кыязы, IV кварталга туура келет”, – деп айтылат маалыматта.

Ошол эле кезде талдоочулар өлкөдө инфляция июнь айында өткөн айга салыштырмалуу 14%дан 13.1%га төмөндөгөнүн айтышат. Бул айда жылдык инфляциянын басаңдашы жарым-жартылай статистикалык фактордун таасири менен шартталган.

> “КРнын керектөө куржунунда нан жана дан азыктарынын үлүшү 15%ды түзөөрүн эске алганда 2022-жылдын **күз-кыш айларында инфляциянын өсүшү ылдамдашы** мүмкүн. Дүйнөлүк энергетикалык рыноктордо баанын жогору болушу жана дүйнөлүк ташуу чынжырчасынын үзгүлтүккө учурашы кошумча түрткү берет. Инфляция болжол менен жыл аягына чейин **15.3%га** жетиши мүмкүн”, – дейт ЕАӨБ.