> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан мамлекеттик ипотеканы эң төмөн пайыздык үстөк менен берет - МИК
- URL: https://im.kg/all/2022/07/25/kmsh-lk-l-r-n-n-ichinen-kyrgyzstan-mamlekettik-ipotekany-e-t-m-n-pajyzdyk-st-k-menen-beret-mik/
- Published: 2022-07-25T16:50:04.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:35:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан мамлекеттик ипотеканы эң төмөн пайыздык үстөк менен берет. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) басма сөз кызматы билдирди.**

2015-жылы МИК «Арзан турак жай 2015-2020» биринчи мамлекеттик турак жай программасын ишке ашырып баштаган. Ал эми 2021-жылдын жайында “Менин үйүм 2021-2026” экинчи турак-жай программасы ишке кирген.

Биринчи турак жай программасынын алкагында МИК ипотекалык насыяны бюджеттик тармакта иштеген жарандарга гана берип келген. Ал эми экинчи турак-жай программасы **бардык жарандарды**, жада калса чет өлкөдө иштегендерди да камтый баштаган.

МИК биринчи жылдары жылдык 14% үстөк менен ипотекалык кредиттерди берип келген. Убакыттын өтүшү менен ал акырындык менен азайып, азыр **4%ды түзөт**.

> «Бул пайыздык чендер КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн болуп саналат. Коңшу **Өзбекстанда** мамлекеттик ипотеканын жылдык үстөгү **17-18%** болсо, **Казакстанда 17.5%дан** жогору, **Россияда** азыр 12%. Кыргызстанда бюджеттик тармакта иштеген жарандар үчүн **4%**, башка жарандар жана мигранттар үчүн 8%ды түзөт», – деп билдиришти компаниядан.