> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР Польшанын текстиль өндүрүүчүлөрү менен кызматташууга кызыкдар
- URL: https://im.kg/all/2022/07/25/kr-polshanyn-tekstil-nd-r-ch-l-r-menen-kyzmattashuuga-kyzykdar/
- Published: 2022-07-25T09:34:39.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Польшанын белгилүү текстиль буюмдарын өндүрүүчүлөрү менен кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу КР ТИМдин өкүлү Руслан Бекболотовдун Польша ТИМинин Чыгыш департаментинин директору Михал Гродзки менен болгон жолугушуусунда айтылды.**

Бекболотов биргелешкен бизнес форумдарды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн билдирди. Гродзки өз кезегинде Польша тараптын Кыргызстан менен айыл чарба, инновация жана маалыматтык технологиялар тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар ошондой эле экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-поляк өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.