> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштогу абакта самын өндүрүүчү цех иштеп жатат - жарым жылда 9 миң кг чыгарган
- URL: https://im.kg/all/2022/07/25/oshtogu-abakta-samyn-nd-r-ch-ceh-ishtep-zhatat-zharym-zhylda-9-mi-kg-chygargan/
- Published: 2022-07-25T17:28:04.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Оштогу №42 жатак абагындагы жаңы ачылган цехте алты айда 9 миң кг кир самын чыгарылган жана ал мекеменин керектөөсүн толук жабат. Бул тууралуу [«Т-Медиа»](https://t-media.kg/2022/07/25/oshtogu-zhatak-abakta-kir-samyn-chygaruuchu-tseh-ishtep-zhatat/?fbclid=IwAR1QaiWb9HhPOtgs6g4i1ffGlHurX8jaa6Mkp7MQqm3IIO1OeVgpDlj1EGM) порталы билдирди.**

Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова аталган порталга билдиргендей, жатак абакта кир самын чыгаруучу цех быйыл январда ишке кирген. Андагы өндүрүлгөн самындар мекеменин өз керектөөлөрүнө иштетилүүдө.

> **«**Өндүрүлгөн товар өзүбүздүн ЦИЗОго, Жалал-Абаддагы бөлүмдөргө таратылды. Биз буга чейин самынды башка керектөөлөрүбүздөй эле тендер жарыялап сатып алчубуз. Азыр ага бөлүнгөн акчаны жумуш орун кылып, цехте иштегендерге айлык акы катары берип жатабыз**»**, — деген Сабатарова.

Учурда цехте 4-5 адамга жумуш орун түзүлүп, туруктуу маяна төлөнүп турат. Мекеме ал жерди чакан ишканага айлантып, өзүнүн керектөөлөрүнөн арткан товарды сатыкка чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кароону пландоодо.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/mylo-osh.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/mylo-osh.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/mylo-tjurma-osh.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/mylo-tjurma-osh.jpeg)